Бүгүн, 8-июнда борбор калаадагы ишканалардын биринин от казандар турган жайында жарылуу болуп 1 адам мерт кетти жана 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуу Жибек-Жолу - Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги заводдун имаратында жайгашкан ишканалардын биринде болжол менен саат 20:30 чамасында болгон.
Учурда окуя болгон жерде милиция жана башка тиешелүү кызматтардын кызматкерлери иш алып барууда. Кырсыктын себеби такталып жатат.