Белгилүү модель Ирина Шейк менен актёр Брэдли Купер ажырашканы айтылууда

Орусиялык белгилүү модель, актриса Ирина Шейк менен америкалык актёр, режиссёр Брэдли Купер эки жолго түштү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн жакындарына таянуу менен жазып чыгышты.

Айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары Брэдли Купер менен Ирина Шейктин эки башка жолго түшүүсүнө ырчы, актриса Леди Гага себеп болгонун жазып чыгышты. Брэдли Купер менен Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасына чогуу тартылгандан кийин сүйүү мамилесин куруп баштаган деген маалыматтар айтылууда.

Учурда Ирина Шейк менен Брэдли Купер 2 жаштагы кызы ким менен кала турганын чечишүүдө. Ал эми ажырашуусу боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

33 жаштагы супер модель Ирина Шейк менен 44 жаштагы Купер 2015-жылдан бери мамиле куруп келишкен. Түгөйлөр 2017-жылы Лея де Сьен Шейк Купер аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2019-06-09 16:10:07
Көптүкүн көргөн аялдан түңүлүш керек,))булар бир адам менен жашай алышпайт, башымдан өткөн үчүн жакшы билем
+5
abdyldaeva.a.97a
2019-06-09 19:48:56
KaGaH, тиги эркек аялы бар туруп башка кызга коз артып атса Ирина неге куноолу ? даагы бир жолу окуп коюнуз.дүйнөлүк маалымат каражаттары Брэдли Купер менен Ирина Шейктин эки башка жолго түшүүсүнө ырчы, актриса Леди Гага себеп болгонун жазып чыгышты. Брэдли Купер менен Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасына чогуу тартылгандан кийин сүйүү мамилесин куруп баштаган деген маалыматтар айтылууда.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан