Кыргыз эл артисти Юрий Бобковго эки операция жасалды. Кыргыз шоу бизнесиндеги ырчылар Юрий Бобковго жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасовага байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Юрий Бобков апрель айында жыгылып кетип, акырек сөөгү майдаланып сыныптыр. Биринчи операциядан кийин үйүнө чыгарылган. Бирок сынган сөөктөрдү бириктирген болттор чыгып кетип, кайра операция жасалган. Чыгармачылыктагы кесиптештери Юрийдин үй-бүлөсүнө жардам кылып жатышат. "Көп түкүрсө көл болот" деп артисттердин алды 20 миң сомдон беришти. Кечээ, 8-июнда кайрымдуулук концерти өттү", - дейт Садыбакасова.
Кайрымдуулук концерттин уюштуруучуларынын бири ырчы Салима Балтаева төмөнкүлөргө токтолду.
"Юрий Бобковдун колунун акыректен чыканакка чейинки бөлүгү бир нече жеринен сынып, муундары дагы жабыркаган. Ал эки операцияны башынан өткөрдү. Агайды экинчи операциядан кийин ооруканага барып көрсөк, кыйналып жаткан экен. Мындан улам ырчылар агайга айтпай жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурганбыз. Концертке 1-2 күн калганда агайга айтсак макул эместигин билдирди. Концертти уюштуруп алгандыктан көндүрүүгө аргасыз болдук. Концертте режиссёр Ырыс Жоомартова экөөбүз алып баруучулук милдетти аркаладык. Азырынча андан канча каражат түшкөнүн эсептей элекпиз", - дейт ал.
Ал эми Эл артистинин жубайы Асель Осмонова жолдошунун абалы тууралуу мындай дейт.
"Юрийге эки ирет операция жасалып, азыр дарыланып жатат. Үчүнчү операциядан Кудай сактасын! Буга чейин 18 жаштагы кызыбызга Орусиянын Новосибирск шаарында операция жасалган. 1 айдан кийин эле жолдошум кырсыктап калды", - дейт ал.
Юрий Бобков - "Досум-Үсөн" тобунун негиздөөчүсү. Мындан тышкары ал "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорун эфирге алып чыккан. Ошондой эле шоу бизнестеги көптөгөн ырчылардын устаты.
Ырчылардын демилгеси менен ЭЛСОМ электрондук капчыгы ачылган.
ЭЛСОМ: 0708606870