Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жарандары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыкты. Окуя 7-июнь күнү Васильев аралындагы турак үйдүн короосунда орун алганын Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымдады.
"Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине Н.А. аттуу Кыргыз жараны арыз менен кайрылган. Анда Н.А. жубайы менен кетип бара жатканда ага мас абалындагы белгисиз адамдар кол салган. Кыргыз жаранына атасы Б.Д. жана тууганы жардамга келген. Мушташтын кесепетинен Б.Днын бети бычак менен тилинген. Ал эми башкалары денесинен ар кандай жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери барып, мушташтын катышуучуларын кармаган. Тергөө учурунда жанына бычак салып жүргөн Орус жараны мурда соттолгону белгилүү болгон. Бул факты боюнча "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.