Ырчы Ильяс Кудретов экинчи ирет ата болду

"Добулбас" тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Ильяс Кудретов уулдуу болду. "Уулдуу болгондогу сезимдер башкача экен" деген ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Жубайым бүгүн, 9-июнда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулум 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү. Бою 53 сантиметр. Буга чейин уулдуу болсом атын Абдулла коём деген ниетим бар болчу. Ата-энем менен кеңешип, ушул ысымга токтолдук", - дейт ырчы.

Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада 2017-жылы Наима аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nura2016
2019-06-09 17:12:28
Өмүрү узун болсун!расса жагатта ырлары.аз саз
+4
tavanova.sarah
2019-06-09 18:55:54
Адашпасам ажыраштым деген беле? Же ал башка ырчыбы?
+4
taalay25
2019-06-10 16:20:27
tavanova.sarah,ооба ушул ырчы болчу, кайра жарашкан окшойттор! Бактылуу болушсундар, уй булоо бузулбай, жаш бобоктор ыйлабасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан