Ырчы Гүлзат Мамытбек тик учакта фотосессия жасады. Фотосессия ырчынын 30-июнда боло турган жеке концертине карата жасалды. Учурда концертке даярданып жаткан ырчы SUPER.KG порталына айрым маалыматтары менен бөлүштү.
"30-июнда чоң масштабдагы "Я номер один!" аталышындагы флэшмоб жана менин жеке концертим болот. Концерттин максаты - Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү №1 өлкө болорун жаштардын аң-сезимине жеткирүү. Мындай иш-чара Кыргыз жергесинде биринчи жолу болот. Анткени концерт өзгөчө шоу программа менен өтүп, ага Казакстандын Майкл Жексону атыккан Кайрат Тунтеков келет. Мындан тышкары 10 миң кишинин катышуусунда флэшмоб орун алат. Учурда флэшмобдорду өткөрүп, катышуучуларды даярдап жатам", - дейт ал.