Балыкчыда шамалдан улам батут оодарылып, кырсыктан 2 кыз жабыркады. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шамалдын кесепетинен батут оодарылып кетти. Кырсык болгон учурда батуттун ичинде 7-8 бала ойноп жаткан. Бул тууралуу Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Айгүл Кыштообаева билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон.

"Батут оодарылгандан кийин ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер бар. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор болгондуктан Бишкектен санавиация менен балдар дарыгерин чакырттык. Алар кызды ордунан козгобош керектигин, абалы жакшы болгондо борборго алып баруу зарылдыгын айтышты. Калгандарына биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды", - дейт Кыштообаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muni.98-98
2019-06-10 11:03:16
Байлап койсо болбойт экен ошону эгеси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан