Португалия Улуттар Лигасынын алгачкы жеңүүчүсү аталды

10-июнга караган түнү Португалиядагы "Драгау" стадионунда Улуттар Лигасынын финалдык баскычы орун алды.

Финалдык беттеште талаа ээлери Португалия курамасы менен Нидерланды курамалары кез келди. Коноктор беттештин алгачкы мүнөттөрүн активдүү баштаганы менен 10 мүнөт өтпөй талаа ээлери оюндун тизгинин кайтарып алды. Фернанду Сантуштун шакирттери бир топ голдук абалдарды колдон чыгаргандыктан беттештин алгачкы бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок.

Экинчи таймда Нидерланды өлкөсү жараткан чабуулдар бир аз жанданганы менен, гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. 60-мүнөттө Бернарду Силванын чыгарып берген пасын Гонсалу Гедеш голго айлантып, португалиялыктарды алдыга алып чыкты. Беттеш дал ошол эсепте жыйынтыкталып, Криштиану Роналду баш болгон Португалиянын футбол боюнча улуттук курамасы Улуттар Лигасынын алгачкы жеңүүчүсү аталды.

Улуттар Лигасы: Португалия-Нидерланды 1:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
argen1991
2019-06-10 09:03:23
Жакшы,кут болсун!
+6
Kristianuronaldu
2019-06-10 20:15:16
Куттуктайм португалияны жана ронадонун фанаттарын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан