Жандандыруу бөлүмүндө жаткан музыкант Бари Алибасов көзүн ачып, мышыгын сурагандан кийин кайра эс-учун жоготту

Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Анын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан. Бари Алибасов көзүн ачып, Чуча аттуу мышыгынын абалын сурагандан кийин кайра эс-учун жоготкон. Чет элдик басылмалар бул тууралуу Алибасовдун уулу билдиргенин жазышууда.

"Атам эсине келе элек. Бүгүн эртең менен көзүн ачып "Менин мышыгым кайда? Мышыгымдын абалы жакшыбы?" деп сурагандан кийин кайра эсин жоготуп койду", - деген ал.

Дарыгерлер музыкантты эсине келгенден кийин тамакты жута албай калышы мүмкүн деп айтышууда.

Бари Алибасов 1947-жылы 6-июнда Казакстанда төрөлгөн. 1960-жылы классташтары менен биргеликте "Интеграл" аттуу жаз-рок тобун түзүп, 22 жыл иштеген. 1989-жылы аталган топту таратып, "Na-Na" аттуу топ түзүүгө сынак жарыялаган. Алибасов бул топту бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-06-10 19:41:23
Пай пай, эсине келген сураган нерсесин кара.
0
Defend.
2019-06-10 19:57:26
Мышыктын түсүн көрсөң таза адам эсин жоготкудай го)))
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-10 20:24:09
Коркунучтуу мышык го
0
Skarlett-Skarlett
2019-06-10 20:44:04
Ото туру суук мышык,бирок бул мышыктар жылуулукту суйгондуктон адамга жакын,мээримдуу болушат.
0
Ysakov_Nur
2019-06-10 23:48:50
Мышыгынын тусуну коруп, коркуп кетип кайра эсин жоготуп койгон окшойт))))...
0
admin_media
2019-06-11 15:27:23
aslan_akjol89,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан