Ошто 3 кызды бычактады делген 20 жаштагы кыз үй камагына чыгарылды

Ош шаарында уруш учурунда 3 кызды бычактоого шектелген 20 жаштагы кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-июнда өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту мындай чечимди 7-июнь күнү чыгарган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми жабыркаган 2 кыз дагы деле ооруканада дарыланууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 5-июнда саат 4:10 чамасында Оштогу Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурушкан. Кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон. Натыйжада 3 кыз бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү 48 саатка камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2019-06-11 00:47:40
Неге
0
Nurik929394nur
2019-06-11 10:25:39
Неге эле 1000$ды таштаган да
+1
Skarlett-Skarlett
2019-06-11 13:55:01
Оштуктарды уят кылмай болдунар,кыздар,абийиринерди жашынардан сактагыла!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан