Жогорку Кеңештин комитетинде Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөсүнө Тилек Абдрашитовдун талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөсүнө Тилек Абдрашитовдун талапкерлиги каралды.

Анын талапкерлигин Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Чынара Садырова тааныштырды. Абдрашитовго депутаттар тарабынан суроолор берилген жок. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитети Абдрашитовдун талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан