Бишкекте 8-9-июнь күндөрү 3-кичи райондогу массалык мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эч кимден арыз келип түшпөгөнүнө байланыштуу кармалган адамдар түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилди.
"Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 8-июнда түнкү саат 2:01 чамасында болгон мушташтын катышуучулары 36 жаштагы М.У. жана 33 жаштагы М.Н. кармалды. Бирок алар арыз жазуудан баш тарткандыктан суракка алынгандан кийин коё берилди.
Ал эми 9-июнда түнкү саат 3:30 чамасында болгон экинчи массалык мушташтын катышуучулары 19 жаштагы Т.Р. жана М.В., 20 жаштагы С.А. аттуу тургундар кармалып, алар да арыз жазгандан баш тартышканы үчүн коё берилди.
Азыркы учурда жаңжалдын калган катышуучуларынын аты-жөнүн аныктоо үчүн тиешелүү аракеттер көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.