Ашказанын күйгүзүп алган орусиялык музыкант Бари Алибасов көзүн ачты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар музыканттын уулуна таянып жазып чыгышты.
"Көптөн күткөн жакшы жаңылык. Атам көзүн ачты. Бирок азырынча сүйлөй албайт, эч нерсе эсинде жок. Жадакалса өзүнүн ким экенин да билбей жатат. Жакын арада эсине келет деп ишенем", - деген Алибасовдун уулу.
Учурда дарыгерлер Бари Алибасовго медициналык кароо жасап, мындан кийинки дарылануусун пландап жатканы жазылат маалыматта.
Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Анын абалы оор болгондуктан Склифосовский атындагы медициналык борбордун жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан.