Базар-Коргондо 19 жаштагы жүргүнчү айдоочуну бычактап салган

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жүргүнчү катары унаага отурган 19 жаштагы жигит айдоочуну бычактап салган деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-июнда Базар-Коргон районунда болгон.

"22 жаштагы айдоочунун унаасында 19 жаштагы жаран жүргүнчү катары бара жаткан. Сөздөн сөз чыгып экөө уруша кетишкен. Айдоочу унааны токтотуп, жүргүнчү менен сыртка чыгып сүйлөшмөкчү болгон. Ошол учурда шектүү айдоочуну бычак менен сайып салган. Натыйжада, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
PogbaGard
2019-06-11 21:35:22
Ушул каза болгон бала менин айылыман эле 2-кун мурун суйлошкон кызы менен Россиядан келген эле уйлонмокчу эле ушундай кырсык болуп кетти. Уйундо эн кичине кенжеси эле .
0
Aruwka.89
2019-06-12 00:11:49
PogbaGard,иии ай жаман ищ болуптур! Алла сабыр берсин жакындарына! Урушсанар деле жонеле урушкулачы айланайын олтургонго чеин барбай! 19 жаштагы бала жапжаш озунун тагдырын бироонун омурун жок кылды!
0
Kumarchik
2019-06-12 09:14:40
PogbaGard,Кайсы айылдан болот менда Базар-коргондон болом
0
PogbaGard
2019-06-12 12:49:49
Kumarchik,Кызыл Айдан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан