Таластагы Кыргыз-Казак чек арасынан 80 тонна мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды

Талас облусундагы Кыргыз-Казак чек арасынан 80 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнда мыйзамсыз май ташыгандар Манас районунун Кыргыз-Казак чек арасындагы Чоң-Капка чек ара бекетинен кармалышкан.

Казакстандан жүк ташыган 4 унаа келген. Алар ташып келе жаткан майдын документтерине нефрас алынып келе жатканы жазылган. Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаада нефрас эмес күйүүчү май экени аныкталган. Ал эми жүктөрдүн ээлери Казакстандын 4 жараны болгон. Кармалган жарандар жана жүктөр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-06-12 00:05:21
Акча бербеген окшойт болбосо бул бензин контрабандасынын минден бири го дейм,бензиндеги контрабандадан эле казынага 3-5 миллиард сом тушпой калат экен ана акча каякта жатат,а чондор 6 милл. Сом акча токкон кумтор иштебесе кунубуз бутту деп ыйлашат,бажы тармагын жакшылап сыкса жылына 20-30 миллиард сом тушот го дейм.
+1
Bayastankyrgyz
2019-06-12 01:10:44
Ушундай контрабандистердин айынан казынага салык түшпөй жатат... Жакшылап чек арадан өткөргөндөрдү да текшерүү керек ошолордо да иш көп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан