Айдоочулардын эсине! ШКУнун саммитине карата Бишкектин кайсы көчөлөрү жабылат? (тизме)

13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Буга байланыштуу Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрү убактылуу жабылуу алдында турат. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саммитке келген делегация өткөн учурларда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:

- "Манас" аэропортунан Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки Фучик көчөсү;

- Жибек-Жолу көчөсү Жаш Гвардия бульварына чейин;

- Жаш Гвардия бульвары Жибек-Жолунан Чүй кең көчөсүнө чейин;

- Чүй кең көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Манас кең көчөсүнө чейин;

- Манас жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсү мамлекеттик резиденцияга чейин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын тыгын жаралбашы үчүн жол эрежелерин сактоого чакырат. Чет өлкөгө чыгууга камынып жаткан жарандар бул күндөрү "Манас" аэропортуна каттоо мөөнөтүнөн эртерээк жетип алууну эскертет. Ошондой эле жол жээктериндеги уруксат берилбеген тилкелерге башаламан токтогон унааларды эвакуаторлор алып кетери да айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anaraalieva
2019-06-12 14:14:25
кайсы убакыттарда жабылат, саатын айтып койосунарбы??
0
Dalil
2019-06-12 20:09:15
Ушундай иш чараларды өткөргөнү, президенттин резиденциясын жана ак үйдү баарын бир жерге аэропортко жакын жерге эле көчүрүү керек. Жол да тосулбай жакшы болмок. 2012-жылы ШКУнун саммити болгондо кичинекей кызыбыз менен маршруткада пробкада турганбыз 15-20 мүнөт. Күн да аябай ыссык болчу. Чоңдор болсо кондиционери бар унаада карапайым калктын кантип кыйналып жатышканын билишпейт.
+1
Bektur2011
2019-06-14 09:48:14
Сабыр кылгыла алтындарым бул күндөр дагы өтөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан