Баткенде 3 жашар кыз үйүнүн жанындагы каналга түшүп кетип каза болду

Баткен облусунун Самаркандек айылында 3 жашар кыз каналдагы сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-июнда аталган айылда саат 13:30 чамасында болгон.

"3 жашар кыз ойноп жатып үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен. Аны ошол жерде жүргөн адамдар көрүп калып суудан алып чыгышкан. Наристени туугандарына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталды", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан