Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова СИЗО-1дин камерасында уурулукка шектелген аял менен чогуу отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Анын айтымында, Салянова менен киши өлтүрүүгө шектүү аял отурат деген маалыматтар жалган.
"Экс-башкы прокурор 2 кишилик камерада телефон уурдаганга шектелген 27 жаштагы аял менен чогуу отурат. Ал уурулук учурунда кармалып калган. Жаңы кодекс боюнча уурдалган буюмдун баасы 10 миң сомдон ашык болсо, сот аны убактылуу кармоочу жайга киргизе алат. Учурда ал жарандын иши тергөөдө.
Мындан сырткары, СИЗО-1де Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип, Орусиядан экстрадицияланган А.А. да отурганы чындык. Бирок ал эркектер корпусунда жана Аида Саляновага жакындай албайт. Эркектер жана аялдар башка-башка имараттарда кармалышат, ошондой эле күнү-түнү көзөмөлдө болушат", - деди Сабатарова.