"Сүйүү азабы" аталышындагы клибимди көргөндөр менин жашоомдон алынган деп кабыл алышыптыр" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Айжамал Кабылова

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" чыгармасы толуктады.

"Бул чыгармага клип тартылып, күйөрмандарга тартуулангандан кийин көпчүлүк жеке жашоом менен байланыштырышты. Бирок бул клиптин менин жашоомо окшошпой турганын баса белгилеп айткым келет. Буга чейинки үй-бүлөлүк жашоом таптакыр башкача болгон. Болгону клипмейкер мага бир нече сценарий сунуштаган. Ошолордун ичинен ушул сценарийге токтолуп, жаш үй-бүлөлөргө сабак болсун дегем. Клип Ош шаарында тартылды. Андагы роль жараткан каармандар дагы клипмейкердин тандоосу менен тартылышкан", - дейт ал.

5-ИЮНДАН 12-ИЮНГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орун - Гүлзат Мамытбектин "I can fly" чыгармасына буюрду.

8-орунда - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" аталышындагы клиби жайгашты.

7-орунду - Фарида Карбосованын "Ашыгам" чыгармасы ээледи.

6-орунда - Роза Шакированын "Сени менен" клиби жайгашты.

5-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" видеокомпозициясы камсыздады.

4-орунда - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" чыгармасы жайгашты.

3-орун - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" чыгармасына буюрду.

2-орун - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан