Канадалык белгилүү ырчы, композитор Селин Дион жеке концертинде дааратканага чыгып кеткен күйөрманы үчүн тыныгуу жасады. Тагыраагы, ырчы алдыңкы катардагы күйөрманы туруп кеткенин көрүп, ырдабай турууну чечкен.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Селин Диондун концерти АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "Caesars Palace" комплексинде болгон. Ал ырдап жатканда алдыңкы катардагы көрүүчү туруп кеткенин байкап калып музыканы токтоткон. Качан гана күйөрманы өз орундугуна келгенде ырчы концертти уланткан. "Алдыңкы катарда отуруу үчүн аз акча төлөгөн жоксуз. Концертке кошкон салымыңыз үчүн кайра келишиңизди күттүм. Бул менин сизге көрсөткөн жардамым", - деген ал.
Селин Дион муну менен күйөрмандарына карата сый-урматын билдире алган.
Forbes журналы жакында эле дүйнөдөгү эң бай ырчы айымдарды аныктап, Селин Дион алдыңкы үчилтикти толуктай турганын маалымдаган.