Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады

Бишкекте жеңил унаа жолдогу темир түркүктү сүзүп алды. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Окуя бүгүн, 12-июнда түнкү саат 23:00 чамасында орун алды. Анда жеңил унаанын айдоочусу Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги темир түркүктү сүзүп барып токтогон. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, айдоочуну ооруканага алып кеткен", - деп жазылат.

Ал эми Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы 22:05 чамасында болгонун билдирди.

"Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны 30 жаштагы К.И. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынан бурулуп жатып БМВ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кеткен. Натыйжада БМВ унаасы жөө адамды жана тосмону сүзүп барып токтогон. Кырсыктын кесепетинен БМВ унаасынын айдоочусу, жүргүнчүсү жана жөө адам жаракат алып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-06-12 23:19:43
Кайын журтун кыйынбы деген машина го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан