Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын денеси 12-июнда саат 13:15 чамасында табылган.
"Ак-Талаа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Ой айылынын түштүк тарабындагы Нарын суусунун жээгинде жансыз адамдын денеси жээкке чыгып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган С.Н. аттуу тургуну экендигин аныкташкан. Маркумдун жансыз денеси Ак-Талаа райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилди", - дейт маалымат кызматы.
6 жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен. Кыз түшүп кеткен Он-Арча суусу Нарын дарыясына куят.