Санкт-Петербургда терезе жууп жаткан Кыргыз кызы 9-кабаттан кулап кетти. Абалы оор

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Пушкин районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан 17 жашар кыз кулап кетти. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жазды. Маалыматта жазылгандай, жабыркаган кыз Кыргыз өлкөсүнөн билим алганы барган студент болгон. Окуя 11-июнда орун алган.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кыз үйдө апасы жана эжеси менен чогуу жашайт. Бирок ал терезеден кулап кеткенде үйдө эч ким болгон эмес. Дарыгерлер жабырлануучу кыздын баш-сөөгүндө жабык жаракат бар экенин айтышкан. Ошондой эле баш мээси чайкалган, көкүрөгүндөгү сөөктөр жабыркаган, оң жак акыреги, эки сан сөөгү сынып кеткен. Учурда кыз оор абалда. Анын ички органдары да жабыркаган.

Кырсык тууралуу алгач окуянын күбөлөрү аркылуу "Тез жардам" кызматына кабарланган. Алардын айтымында, кыз терезе жууп жатып, этиятсыздыктан кулап кеткен. Учурда укук коргоо кызматкерлери окуянын үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзүп жатышканын жазат жергиликтүү басылмалар.




Терезе жууп жаткан кыз 9-кабаттан кулап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Skarlett-Skarlett
2019-06-13 12:34:19
Терезен жуулбаса жок эле.Сактыкка кордук жок,Аллахым шыпаасын берсин!
+5
Gulnyr19
2019-06-13 14:46:18
Ээ Аллахым өзүң сакта
+5
adilbars
2019-06-13 15:45:03
Аллах боордошубуздун өмүрүн сактап кала көр!
+4
suban78
2019-06-13 19:26:20
Алла Таалам сактасын. Эртерээк айыгып кетсин.
+3
i1urp
2019-06-13 23:09:32
Жараткан Тенир кырсыктан сактасын. Тынчылык болсун.
-6
Sultanim
2019-06-14 03:14:16
i1urp,Айланабызда толтура окуялар,табият,жан жаныбарлар Аллах деп жазылып,Аллах деп уулуп бизге даана белги берип атса да, теңир деп эле колуңар м-н көзүңөрдү жабасынар.Жараткан силерди анык жолуна салсын!
+2
nuri1
2019-06-14 10:32:30
Тенирим элибизге ден соолук берсин. Бир гана Тенир кырсыктан сактпайт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан