Кантта 14 жаштагы бала 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-майда 13 жаштагы кызын күч колдонуп зордуктаган 14 жаштагы балага карата чара көрүүнү суранып кыздын апасы арыз менен кайрылган.
"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө тиешелүү экспертиза иштери дайындалган. Ошондой эле эки өспүрүм тең суралып, тийиштүү тергөө иштери аткарылган. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери байкалган эмес, кийимдери жана буюмдары бүтүн болгон.
3-июнда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 14 жаштагы шектүү А.А.нын апасы арыз менен кайрылып, уулу кат жазып таштап, үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин айткан. Жоголгон баланын өзгөчө белгилери тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, аны издөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, кылмыш ишинин материалдары Чүй ОИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Акыркы чечим дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин кабыл алынат. Иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.