Чүй облусунун Сокулук районунда жер тилкесине үй куруу учурунда кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Азамат Нурланбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Досум Сокулук районунан жер тилкесин алып, курулуш иштерин баштаган. Бүгүн, 13-июнда саат 12:00 чамасында пайдубал куюу үчүн жерди казып жаткан усталар 2 адамдын сөөгүн табышты. Сөөктөр 50 сантиметрден кийин чыкты. Азыр сөөктү Сокулук РИИБине алып кетишти. Досум бул жер тилкесин сатып алганына 15 күндөй эле болуптур. Учурда досум Түркияда жүрөт", - деди ал.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББине байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдирди.