Таласта мэрдин унаасынын терезесин көмүрдү мыйзамсыз түшүрүп жаткан жаран талкалап салды

Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбековдун унаасынын терезесин көмүрдү мыйзамсыз түшүрүп жаткан жаран талкалап салды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү саат 19:00 чамасында мэр жана муниципалитеттин кызматкерлери мыйзамсыз көмүр саткан жерлерди текшерүүгө алышкан. Көмүрдү мыйзамсыз түшүрүп жаткан жаран менен мэрдин ортосунда уруш чыгып, анын натыйжасында мэрдин унаасынын терезеси талкаланган.

"57 жаштагы Ч.М. мэрди оозго алгыc сөздөр менен сөгүп, аны таш менен урганга аракет кылган. Таш ары жакта токтоп турган унаанын терезесине тийген. Ошондой эле ал жаран мэрди бир жолу чапканга жетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү жаран ошол замат кызматкерлер тарабынан кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын карап ,үй камагына чыгарган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Бул окуяны Талас шаарынын мэриясы дагы тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JENTLEMAN
2019-06-14 09:22:22
Эч нерсе болбойт, ушугада ушунча тополоңбу арызданып? машинаңы бүт оодарып салса да башка жаңысын алып аласың, акчанын баары силерде Мэрлер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан