Москвада сууга чөгүп каза болгон 18 жаштагы кыздын жакындары маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн жардам сурайт

Орусияда сууга чөгүп каза болгон Кыргыз кызы ата-энеси менен чогуу Москвада жашачу. Бул тууралуу маркумдун таежеси менен чогуу жашаган Айзада Акжигитова SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен маркумдун таежеси менен бир батирде турам. 12-июнда саат 16:00 чамасында 2001-жылы туулган Г.Б. аттуу кыз кесиптештери менен чогуу эс алууга барыптыр. Алар сууга түшүп, мекендешибиз чөгүп кетиптир. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Каза болгон кыз Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну болот. Ал ата-энеси, бир туугандары менен Москвада болчу. Келгенине 2 жыл болгон", - дейт ал.

Маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жиберүү үчүн каражат жетишпей жатат. Ошондуктан кыздын жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Каза болгон кыздын таякеси Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кайрылганын, бирок акчалай жардам көрсөтүлбөгөнүн айтат.

"Кырсык болгондон кийин Орусиядагы Кыргыз элчилигине кайрылдык. Бирок алар маркумдун паспортунун көчүрмөсүн жасап, маалым кат жазып беришти. Андан башка жардам берилбей турганын айтышты. Мындан улам элге кайрылдык. Учурда жардам бергендер болуп жатат. Кудайга шүгүр, жетиштүү акча топтолоюн деп калды", - деп билдирди.

Ал эми Кыргыз элчилигинин маалымат кызматы маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү үчүн каражат миграция кызматынан берилерин айтты. Элчилик каза болгон адамдын документтерин даярдап берерин кошумчалады.

18 жашар кыргыз кызы Москва дарыясына чөгүп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gitaris93
2019-06-14 09:40:40
16 жашында келген экен да Аллах бейиштен орун берсин амин
0
nuri1
2019-06-14 10:40:19
Тенирим элибизге тынчылык берсин. Тенирим колдосун.
-9
admin_media
2019-06-14 12:26:22
bond02, далилсиз билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
+1
Bodibilding
2019-06-14 13:57:42
Ушундай оор кундо посольство деле жардам берип койсо болмок бир пайдасы жок алардын жаш балдарга паспорт алганы барсанда эртен кел анан кел деп кабыл алышпайт ушулардын караган бироо жарым барбы. Орусиялык компания менен жук 200-ду жиберсен 60-мин алат биздин посольство 90-мин дейт бет жок калган дар иштейби не.
+2
KaGaH
2019-06-14 15:08:33
Боордоштор деген фонд бар,Жылдыз деген кыз жетектейт ошол тез акча чогултат
0
Kroxa
2019-06-14 16:55:24
Бекер алынып келет деп закон чыкты эле го??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан