Социалдык тармактарда "укук коргоо кызматкеримин" деген адам балык уулоого тыюу салынган жерде тартипти эскерткен жарандарга тапанчасын көрсөтүп, "органда иштейм" деп өзү мас абалда унаа айдап жүргөн видеосу тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, кызматкер ак түстөгү унаа айдап жүрөт. Ал балык уулоого тыюу салынган аймакка балык кармаганы келгенин айтат. Ал эми ошол жерде жүргөн жарандар аймакта балык кармоого тыюу салынарын эскерткенде кызматкер күбөлүгүн көрсөтүп, андан соң тапанчасын алып чыгып сөгүнөт.
Күбөлүктө Жеңишбек уулу Тынчтыкбек деген ысым жазылган. Бирок ал фамилиясын Абдырахманов деп тааныштырат. Ошондой эле күбөлүктө Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы, ротанын старшинасы деген жазууларды көрүүгө болот. Документке Улуттук Гвардиянын кол башчысынын колу коюлган. Анткени менен күбөлүктө чала көрүнгөн датада жарамдуулугу 2016-жылдын 31-декабрына чейин экендиги көрсөтүлгөн. Видео качан тартылганы белгисиз.
Бул боюнча Улуттук Гвардиянын маалымат кызматына кайрылганыбызда төмөнкүдөй жооп берди.
"Интернетте тараган видео боюнча текшерүү жүрүп, кызматтык иликтөө уюшулду. Анын жыйынтыгында Жеңишбек уулу Тынчтыкбек аттуу кызматкер же аскер кызматкери курамда жок экени аныкталды. Улуттук Гвардияда мындай күбөлүк болгон эмес. Ошондой эле сержанттарга табелдик курал берилбейт", - деди басма сөз кызматы.