Бишкек ШИИББи: "Курал алып мас абалда унаа башкарган адам биздин кызматкер эмес"

"Интернеттеги социалдык тармактарга милиция кызматкери деп тараган мас абалдагы жана курал алып жүргөн жаран биздин кызматкер эмес". Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы таратты.

"Бүгүн бир катар маалымат каражаттарында жана интернетте өзүн Абдырахманов деп тааныштырган мас абалдагы белгисиз адам Улуттук Гвардияга таандык күбөлүктү көрсөтүп, белгисиз үлгүдөгү куралын алып чыккан видеосу тарады. Ал видеого тартып жаткан жарандардын "сиз биздин аймактын тескөөчүсү болосузбу?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берет.

Мындан улам Бишкек ШИИББи видеодогу адам милиция кызматкери эмес экенин кабарлайт. Учурда криминалдык милиция бөлүмү курал алып жүргөн адамды издөө иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин Улуттук Гвардия дагы жогорудагы адам гвардиянын кызматкери эмес экенин SUРER.KG'ге билдирген.

Рулда отурган мас кызматкер жөнөкөй жаранды тапанча менен коркутту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2019-06-14 13:31:39
Мындай адамдар Милиция га кара коо кылып жатат кармап камагыла кайдан алган куралды
-1
bond02
2019-06-14 14:00:58
3 жолу кыйкырып койгула эми кимдики деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан