Өзүн кыргыздын деми атаган, ырчы Гүлзат Мамытбек бир нече убакыттан бери эквадордук жолдошу тууралуу социалдык тармакка билдирүү жарыялабай калган. Мындан улам ырчынын окурмандары "Хуан Буэндиа кайда?" деген суроолорун узатышкан. Ырчы SUPER.KG`ге жеке жашоосу тууралуу айтып берди.
"Жеке жашоомдо баары жакшы, тынч. Мурдагы жолдошум менен соттошуп, балдарымды өзүмө алгам. Ал эми экинчи жолдошум Хуан Буэндиа Эквадорго кеткен. Анын бир нече долбоорлору бар болчу. Жарым жыл болобу, 1 жыл болобу долбоорлоруңду бүтүрүп кел деп жибергем. Менин иштериме аралашып, убактысын кетирбесин дедим. Учурда ал өзүнүн, мен өзүмдүн ишим менен алектенип жатабыз", - дейт ал.
Гүлзат Мамытбек 2018-жылдын 23-декабрында болочоктогу жолдошу Испания өлкөсүнөн учуп келгенин маалымдаган эле. Ал эми 26-декабрда алар үй-бүлө деген макамды алышкан. Түгөйлөр өкүл аталык милдетке ишкер Аскар Салымбековду шайлашкан.