Мас абалында унаа айдап, ок атуучу куралын көрсөтүп, укук коргоо кызматында иштейм деген видеосу тараган адам милицияга өзү келди. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жалпыга маалымдоо каражаттарына видеодогу адамды милиция издеп жатат деген кабар жарыялангандан кийин бүгүн, 14-июнда саат 15:30да Ж.Т. аттуу жаран милицияга өзү барып, видеодогу окуяны түшүндүрүп берген. Улуттук гвардияга таандык күбөлүктү жана ок атуучу куралын көрсөткөн жаран 1991-жылы туулган.
"Видеодогу адам менмин. 13-июнь күнү кечки саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычынын жанына мас абалда унаа айдап барганым чын. Ошол жерден мага 4 киши жана 1 аял ар кайсы суроолорду берип асылышты. Коркконуман жанымдагы аскердик кызматтын күбөлүгүн жана оюнчук тапанчаны көрсөтүп, "тескөөчүсүңбү?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берип койгом. Эч качан ички иштер боюнча кызматтарда иштеген эмесмин, ошол маалда милиция кызматкеримин деп айтып коюуга туура келди. Бул үчүн кечирим сурайм", - деп түшүндүргөн Ж.Т.
Ал эми Ж.Т. Улуттук Гвардияда аскер кызматын 2016-2017-жылдары өтөп, бирок кызматтык күбөлүгүн өткөрүп бербей койгонун түшүндүргөн. Күбөлүктүн жарамдуулугу эски дата менен болгон. Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер аткарылууда деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Бүгүн интернеттеги социалдык тармактарга өзүн Абдырахманов деп тааныштырып, Тынчтыкбек Жеңишбек уулу аттуу адамга таандык күбөлүгүн көрсөтүп, мас абалында унаа айдап, колундагы белгисиз маркадагы куралы менен жарандарды коркуткан адамдын видеосу тараган. Кийинчерээк Улуттук Гвардия жана Бишкек ШИИББи мындай кызматкер аталган мекемелерде иштебей тургандыгын кабарлашкан.