Бишкекте эки жеңил унаа сүзүшүп, бир жаран жаракат алды

Бишкекте эки жеңил унаа сүзүшүп, бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-июнь күнү түнкү саат 2:40 чамасында болгон.

"Хонда Аккорд унаасынын 19 жаштагы айдоочусу А.Т. Тыныстанов көчөсү менен бара жатып Чүй кең көчөсүнө жеткенде Субару Импреза үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Субару Импреза унаасынын 30 жаштагы Н.А. аттуу айдоочусу жаракат алып, "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Унаалар айып короосуна токтотулуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан