Бүгүн, 16-июнда Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычынан изделип жаткан жарандардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кечээ, 15-июнь күнү Төрт-Гүл суу сактагычына саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган А.Б. жана 1999-жылы туулган С.уулу.Н. аттуу эркек балдар сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Бүгүн издөө иштеринин натыйжасында саат 7:30 чамасында алардын жансыз денелери табылды", - деп жазылат маалыматта.