"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолдон бир адамды унаа сүзүп кетти

Кечээ, 15-июнда "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Бишкек шаарында жөө адамды унаа сүзүп кеткени боюнча кабарлаган.

Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. "Кечээ, 15-июнда саат 7:30да 24 жаштагы А.Б. аттуу жаран Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамдар өтүүчү жолдон 21 жаштагы Р.Д.ны сүзгөн. Р.Д. "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан