Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызынын жентек тоюна кыргыз шоу дүйнөсүндөгү улуу-кичүү муунду чогултту

16-июнда ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызы Дариянын жентек тоюн беришти. Тойдо тамадалык милдетти Улук Сапаров жана Манас Алыкулов колго алып, келген коноктордун арасында кызыктуу оюндарды уюштуруп, элди зериктирген жок.

Ырчылардын кызы Дариянын урматына Аско "Дария" аттуу ырын аткарды.

Жакшылыктын ээси Нурлан Насип: "Буга чейинки тойлорду, анын ичинде биздин үйлөнүү тоюбузду ата-энем өткөргөн. Бул ирет мааракенин бардык ишин өз колубузга алдык. Асел экөөбүз түтүн булатып жашай баштагандан берки алгачкы жакшылыгыбыз", - дейт.

Дариянын жентек тоюна Кыргыз Эл артисти Роза Аманова, жолдошу депутат Кубанычбек Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов, Кыргыз Эл артисттери Темирлан Сманбеков, Гүлнур Сатылганова, ырчы Мерген Турган жана башкалар келди.

5 жарым саатка созулган той Дарияга бата берүү менен жыйынтыкталды.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кызынын жентек тоюнан видеорепортажды жакында SUPER TV`дан көрө аласыздар.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызына жентек берди. Тойдон репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-06-17 12:41:25
Жумалиев дагы деле депутатбы?? Бир да жыйында корунбойтко??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан