Орусиялык ырчы Алсу Башкортостандын Эл артисти наамын алды. Бул наам ырчыга "Сердце Азии" музыка фестивалында ыйгарылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган музыка фестивалы 14-июнда Уфа шаарында өткөн. Концерттик иш-чарага ырчы конок катары чакырылган.
"Туулуп-өскөн жеримде ырдабаганыма 15 жыл болуптур. Бул иш-чарага катышканыма өзүмдү абдан бактылуу сезип жатам", - деген ал.
Бул музыка фестивалынын катышуучуларына да наамдар ыйгарылган. Тагыраагы, "Пицца" тобунун солисти Сергей Приказчиков жана "Аргымак" тобунун ырчысы Ринат Рамазанов наам алышкан.
Алсу 2010-жылы Татарстандын Эл артисти наамын алган.