"Позитифф" командасынын оюнчулары Казакстанда өткөн "Жайдарман" сынагына катышып, байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу аталган команданын оюнчулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялашты.
Ал эми команданын капитаны Актан Рыскелдиев: "Буга чейин "Универсал" менен "Но Нэйм" командаларынан утулуп жүрүп 2-орунга көнүп калыптырмын. Биз эки жыл мурун Гран-При алганбыз, ошондуктан Кудайга шүгүр. "Кыргыз өлкөсүнүн атынан ойнобойсуңарбы?" дегенде ишимди таштап аттанам го, чиркин! Кызматым мекениме! Командадагы жигиттерге ыраазычылык билдирем. Азаматсыңар! Колдон келишинче аракет кылдык. 2-орун деле оюнчук эмес, албетте, Гран-При үчүн барганбыз, бирок айла жок. Демек, 2-орунга даярданганбыз", - деген билдирүүсүн калтырган.
Ал эми Актан Рыскелдиев оюнда биринчи орунду ногой элинин күлкү жаратуучулары алганын SUPER.KG порталына айтып берди. Шоумен сынакта татар, башкыр, каракалпак, казак жана ногой элинин өкүлдөрү оюн көрсөткөнүн кошумчалады.
"Жайдарман" - түрк тилдүү мамлекеттер катышкан күлкү сынагы. Сынак Нур-Султан шаарында орун алган.