Москвада сууга чөгүп каза болгон 18 жаштагы кыздын сөөгү жерге берилди

Москвада сууга чөгүп каза болгон 18 жаштагы кыздын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары SUPER.KG`ге кабарлады.

Белгилүү болгондой, мекендештер тарабынан жетиштүү каражат топтолгондон кийин маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө алып келишкен. Кыздын сөөгү туулуп-өскөн жери Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Октябрь айылына коюлган. Каза болгон кыздын жакындары жардам көрсөткөн бардык мекендештерине ыраазычылыгын билдирет.

12-июнда 18 жаштагы Кыргыз кызы 3-4 кесиптеши менен Москва дарыясына эс алууга барып сууга чөгүп кеткен. Ага биринчи жардам көрсөтүлгөн, бирок эсине келбей каза болгон. Маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жиберүү үчүн каражат жетишпей, кыздын жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janna95
2019-06-17 20:02:20
Ата энесине сабыр тилейбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан