Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Star of Asia" эл аралык музыка фестивалына Кыргыз өлкөсүнөн Айдана Дека конок катары чакырылган. Фестиваль 15-16-июнь күндөрү "Медеу" бийик тоолуу спорт комплексинде орун алган.
Эл аралык масштабдагы фестивалдын катышуучулары кызыл килемден өтүп, өзгөчө формалары менен талкууга алынды. Алсак, Камшат Жолдубаева "Алтын адам" стилинде кийген кийими менен кызыл килемден өткөн. Ал эми кечки концертке денесине чып жармашкан кызыл түстөгү көйнөк кийген.
Казак ырчылары Нурболат Абдулин менен Төрегали Төреали ар кандай сүрөттөрү бар кездемеден тигилген костюм кийип келишкен.
Кызыл килемден өткөн таиланддык ырчы жана актёр Гольф Пичая өзүнө чоң костюм кийгени талкууга алынган.
Түркиялык ырчы, аткаруучу Жем Белевинин дагы костюму көңүл бурдурбай койгон эмес.
Казакстандык ырчы Мадина Садвакасова ток сары түстөгү көйнөгү менен көзгө илинген. Анын бул кийими Голливуд жылдыздарынын кийимдерин эске салган.
Ал эми фестивалга Кыргыз өлкөсүнөн Айдана Дека катышып келген. Иш-чарага катышканы үчүн ырчыга фестивалдын статуэткасы ыйгарылган.
"Иш-чарага кийген кийимдеримди ата мекендик дизайнерлер тиккен. Кызыл килемден өтүү үчүн кара түстөгү көйнөк кийсем, кечинде ачык түстөгү кийим кийүүнү туура көрдүм. Кийген формам өзүмө аябай жакты. Мага эле эмес, окурмандарыма дагы жагыптыр, жакшы пикирлерин жазып жатышты. Казак басылмаларына маек берип жатканда кийимиме кызыгып, сурап жатышты", - дейт ал.