Ысык-Көлдө жайлоодо күйөөсү аялын чабандан кызганып, аны атып салганы айтылууда

Ысык-Көлдө жайлоодо жаран аялын чабандан кызганып, аны атып салган. Бул туралуу социалдык тармактардын бирине Акыл Сатыбалдиев аттуу колдонуучу жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 16-июнда болгон.

"Кечээ бизде кайгылуу окуя болду. Күйөөсү аялын малчысынан кызганып мылтык менен атып салыптыр. Деги адамдар эмне болуп баратат?" - деп жазган интернет колдонуучу билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталына облустук милициядан саат 16:00 чамасында "тоодон адам өзүн-өзү атып алды" деген билдирүү түшкөнүн жана учурда окуянын чоо-жайы аныкталып жатканын маалымдашты.

"Окуя болгон жер алыс болгондуктан унаа барбайт, байланыш да тартпайт экен. "Өзүн-өзү атып алды" деген билдирүү түшөөрү менен оперативдик топ жөнөп кеткен. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Кийинчерээк толук маалымат берилет", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikaaaa
2019-06-17 21:40:33
Аялын атканбы? Же малчысынбы?
-1
Karakash
2019-06-17 22:53:02
Супер инфо маалыматты кайсы бир жаран жазып калтырса силер эмнеге тактабай чыгарасынар, элдин башын айлантып. Маалыматты тактай албасанар чыгарбагыла.
+8
admin_media
2019-06-18 11:24:24
Karakash,
Саламатсызбы! Бул маалыматты Ысык-Көл облусттук Ички иштер бөлүмү таратты.
Тоңдо кызганычтын айынан аялын өлтүрүүгө шектелген жаран камакка алынды https://www.super.kg/kabar/news/274563/
+1
jumatone
2019-06-18 13:03:23
Аялын аттыбы же тактап анан жазгылачы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан