Түптө бир туугандар ойноп жатып эски муздаткычтын ичинде камалып, тумчугуп каза болгонун видеого тартып, интернетке чыгарган кызматкер изделүүдө

Ысык-Көлдө 6 жана 4 жаштагы бир туугандар ойноп жатып эски муздаткычтын ичинде камалып, тумчугуп каза болуп калганын видеого тартып интернетке тараткан кызматкер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"3-июнь күнү Түп районуна караштуу Михайловка айылында эки баланын өмүрүн алган каргашалуу окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бөөдө кырсык деп катталды. Учурда ал окуя видеого тартылып, интернетке тарап кеткени боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, видеону милиция кызматкери тарткан. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөт", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо жайына-кайрылсак:

Каргашалуу окуя болгон күнү саат 11:55 чамасында эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылып, аларды издөө иштери кечке чейин улантылган. Болжол менен саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан. Ал муздаткыч сырттан гана ачыла турганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tursunbaev2017
2019-06-17 21:27:28
ошол дагы проблемабы?....
-4
bond02
2019-06-17 21:37:17
Бизде озу жумушун билбеген кызматкерлер коп да.
+3
Aikaaaa
2019-06-17 21:39:07
Вотсаптан келип, көрүп алып аябай жүрөгүм ооруду эле, көпкө оюмдан кетпей(((
+9
katerina.li
2019-06-18 08:02:01
Aikaaaa,мен шолоктоп ыйладым
+3
titanik32
2019-06-18 07:15:46
Дача су да самолёт кулап каза болгондорго күнөөлү адамдарды эмнеге издебейсиңер тиешелүү органдар.Холодильникте камалып каза болгон видеону көрүп көбү сабака алат деп ойлойум.Ошондуктан маанилүү керектүү иш кылса дейим издеген органдар.
+6
Sajakat14
2019-06-18 17:08:41
titanik32,туура.
+2
Krai
2019-06-18 12:04:33
Аны издеп эмне кылмак эле ошол да кылмышпы? Кызык...
+2
senchi
2019-06-18 17:43:36
Кандай эле тапай каласынар түшүнбөйм. Элдерди эмне маңкурт деп ойлойсунарбы.
+4
nazi25
2019-06-18 19:36:17
Табыш опоңой эле азыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан