Тоңдо кызганычтын айынан аялын өлтүрүүгө шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июнда Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүнүн Кара-Саз тилкесинде орун алган. Анда уруш учурунда күйөөсү аялына ок чыгарып, оор жаракаттан улам аял каза болуп калган.
"Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну өзүн-өзү атып алды деген билдирүү түшкөн. Маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 29 жаштагы К.И. аттуу жаран А.Н. аттуу жубайы менен мал багып келүү үчүн жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөнү аныкталган. 16-июнь күнү кызганычтан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын атып салган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эртең, 19-июнда анын баш коргоо чарасы каралат", - деп айтылат маалыматта.