Чүйдө өспүрүмдөрдүн массалык мушташы орун алып, 4 бала ооруканага түштү

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылында өспүрүмдөрдүн массалык мушташы орун алган. Окуя 15-июндан 16-июнга караган түнү саат 00:30 чамасында болгонун Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

"16-июнда түнкү саат 01:50 чамасында Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда 4 өспүрүм денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага келгени маалымдалган. Бул факты боюнча жерине ыкчам тергөө тобу барып, мушташтын катышуучуларын аныктаган. Алар 18 жаштагы К.А., А.С. аттуу эки бала жана 17 жаштагы А.Н., А.А. аттуу эки өспүрүм экени аныкталган. Ооруканага түшкөн балдардын баары Чалдыбар айылынын тургундары болгон. Ал эми ыкчам тергөөнүн натыйжасында массалык мушташты уюштурган деп 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" жана "Этиятсыздыктан улам өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" беренелери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан