Талас дарыясына 90 жаштагы улгайган адам түшүп кетти. Чүйдүн Шамшы суусунан 13 жашар өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Талас облусундагы Талас дарыясына 1929-жылы туулган жаран түшүп кетип каза болду. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 16-июнь күнү катталган. Кең-Арал айылындагы Талас дарыясына 1929-жылы туулган С.З аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал күнү туугандары өз алдынча издөө жүргүзүшкөн. Натыйжа чыкпай 17-июнь күнү издөө иш-чараларына ӨКМдан жалпы 20 куткаруучу жардамга барган. Кечээ саат 16:20да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ушундай эле сууга түшүп каза болуу фактысы Чүй облусунда да катталган. ӨКМнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 17-июнь күнү Чүй облусунун Ибраимов айыл аймагынын Шамшы айылындагы Шамшы суусуна 2005-жылы туулган Ш.Б. аттуу эркек бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн саат 09:15те өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөө ишине ӨКМдан 5 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2019-06-18 12:46:18
Сууга чоккондор кобойду,абайлап тушкулочу,жаш балдарды коз албай карагыла сураныч!
Жаткан жерлери жайлуу болсун,бейишин берсин..
+1
Nestana95
2019-06-18 12:51:01
Акыркы куну сууга чогуп олду деген кабар ар бир кундун 2-си болуп калды..........журок зыркыратат ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан