Токмок шаарынын 41 жаштагы тургуну 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул окуя боюнча шектүүнүн апасына байланышканыбызда буларды билдирди.
Шектүүнүн апасынын айтымында, уулу жөн жерден айыпталып жатат.
"Жабырлануучу кыз, анын апасы болуп Токмок шаарындагы жатаканалардын биринде бир блоктун ичинде жашаганбыз. Кошуна болгондуктан бири-бирибизге жардам берип, алышып-беришип жүрчү элек. Акыркы бир жылдан бери ал жакта жашабай калгам. Ооруп калгандыктан Бишкекте болуп калдым. Уулум деле үйлөнгөндөн бери борбордо жашайт. Кыздын боюна бүткөн айда балам Бишкекте болгон. Жабыркаган кыз кичинесинен баштап менин көз алдымда чоңойду. Кээде чогуу тамактанып, апасына каралашып турчумун. Балам бул ишке күнөөлүү болуп жатканына ишене албай турам. Уулум жоош ошондуктан күнөөнү анын моюнуна илип жатышат.
Бир күнү эле жабырлануучу кыздын апасы уулума телефон чалып, кызын Бишкекке ооруканага алып барыш керектигин айтып жардам сурайт. Шаарды билбейм, жардам бер деген экен. Ал кезде уулум Бишкекте иштеп жаткан. Макул болуп кызды УЗИге алып барышса, боюнда бар болуп чыгат. Ошол жерден кошунам кызымды Токмокко алып бара албайм, сен бир жерге жашырып бер, төрөгөндөн кийин алып кетем деп ыйлап баштайт. Уулум дагы балалуу боло албай жүргөндүгүнө байланыштуу макул болгон экен. Ошол убакта балам ойлонуп туруп калса сени күнөөлөйм, бул баланын атасы сенсиң, сени каматам деп коркутуп баштаган. Бир аз күндөн кийин кыздын апасы балама кайра байланышып, кызыма аборт жасатам, сен атасы мен апасы болуп ооруканага баралы, болбосо милицияга арыз жазам деп дагы коркутат. "Эгер аборт жасалса, мен кызга тийбегенимди, күнөөмдүн жок экенин кантип далилдейм?" деп балам аборт жасатууга каршы болот. Ошондо дагы кыздын апасы баламдан көп акча талап кылган. Анан эле ооруканадан кыздын өспүрүм экени билинип, Токмок ШИИБине дарыгерлер кабар беришет. Милиция ишти иликтеп баштаганда кыздын апасы курсактагы баланын атасы деп уулумду айткандыктан, аны кармап кетишти.
Шектүүнүн апасынын айтымында, баласы убактылуу кармоочу жайдан кызматкерлер күнөөнү моюнуна алдырууга аракет кылышкан.
"Уулум жактоочусуз суракка алынган. Жактоочу кабинетке киргенде аны түртүп чыгарышкан. Кызматкерлер "кызды сүйөм, бала меники, мен күнөөлүүмүн деп кечирим сурап моюнга алсаң, ишти жаап бошотобуз" деп алдашкан. Бирок балам күнөөнү моюнуна алган эмес. Кыз ар кандай көрсөтмө берип тергөөнү татаалдаштырган. Сот баламдын баш коргоо чарасын карап үй камагына чыгарды. Себеби жетиштүү далил табышкан жок. Мен дагы тергөөчүгө "кыздын боюнда болсо, ДНК аркылуу баланын атасы ким экендиги текшерилбесе, кантип балам күнөөлү болот?" деп айттым. Азыр уулум экөөбүздүн бир гана күткөнүбүз - бул соттук-медициналык экспертиза. Интернеттен карап көрсөм Казакстанда ДНКны 12 жумадан баштап эле аныктайт экен. Уулумду үй камагына чыгарып салганда жабырлануучу тарап ИИМге сотту сатып алды деп арыз жазышыптыр. Эми баламдын баш коргоо чарасын облустук сот карайт. Ошол соттун чечиминен кийин биз ДНКны текшертебиз. Уулумдун ак экендигин далилдей турган факт - бул ДНК.
Буга чейин кыздын энеси ММКларга шектүү үй камагына чыгарылганын уккан кызым уксус ичип алды деп билдирген. Бирок бул туура эмес маалымат. Анткени, Токмок ШИИБи уулумдун соту башталганга чейин эле кыздын уксус ичип алганын айткан", - дейт шектүүнүн апасы.
Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Турдубековага кайрылганыбызда, апасы менен кызы азыркы учурда реабилитациялык борбордо болгондуктан, бул окуя боюнча комментарий берүүгө даяр эмес экендигин билдирди.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын да пикирин угуп, чагылдырууга даяр.
Окуянын чоо-жайы:
4-июнь күнү Бишкектин Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу түшкөн. Анда 2004-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз 2018-жылы Токмокто жайгашкан батирлердин биринде К.М. аттуу жаран тарабынан зордукталганын айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми токмок шаардык соту шектелип жаткан жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.
Кыз учурда 26 жумалык кош бойлуу.