Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен чыккан өрт өчүрүлдү. SUPER.KG порталы кырсык болгон жерден кабар алды.
Белгилүү болгондой, өрт чыккан жайга 3 унаа келип, 20 мүнөт аралыгында өрт курчоого алынып, өчүрүлгөн. Андан жабыркагандар жок.
Күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, цехте матрас тигилчү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби жана зыяндын көлөмү белгисиз. Цех курулуш каражаттары сатылган базардын артында жайгашкан, бирок өрт жайыла электе өчүрүлгөн.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин Октябрь районундагы Матросов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымдаган.