Эртең, 19-июнда Чүй облустук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши каралат. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Есения Рамазанова билдирди.
Анын айтымында, облустук сотко милиция кызматкерлери райондук соттун чыгарган чечимине макул эместерин билдиришкен.
"Милиция кызматкерлери сотко өздөрү даттанышкан. Анда алар бул окуяда күнөөлөрү жок экенин айтышып, актап берүүнү суранышкан. Ал эми кызматкерлер жеңил жаза алды деп эсептейбиз. Ошондуктан биз да сотко кайрылдык", - деди Рамазанова.
2018-жылдын 11-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов 20 жылга, ал эми Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылган.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев болушкан.
Ал эми 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук соту И.Иманалиев, Э.Кадышев, М.Макеев аттуу кызматкерлерди Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси "шалаакылык" менен айыптуу деп табылып, акчалай айып салган.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери З.Байтереков менен З.Айткожоевдин иши тосмо арыздын негизинде өндүрүштөн кыскартылган.