Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбековдун унаасынын терезесин талкалап салган жарандын баш коргоо чарасы каралып, эки айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимди Талас облустук соту чыгарган.
Окуянын чоо-жайы:
10-июнь күнү саат 19:00 чамасында мэр жана муниципалитеттин кызматкерлери мыйзамсыз көмүр саткан жерлерди текшерүүгө алышкан. Көмүрдү мыйзамсыз түшүрүп жаткан жаран менен мэрдин ортосунда уруш чыгып, анын натыйжасында мэрдин унаасынын терезеси талкаланган.