Чүйдө бир нече адам ММА мушкери Муса Юсуповду сабап кетишти. Маалыматты SUPER.KG`ге мушкердин жакындары тастыктады.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 18-июнда Чүйдүн Виноградное айылында болгон. Юсуповго кол салгандар анын уюлдук телефону менен 500 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алган.
Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган айылда болгон окуяга тиешелүүлөрдүн баарынын аты-жөнү аныкталып, алардын бири кармалган.
"18-июнда болжол менен 15:46 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинин ар кайсы жеринен жаракат алган эркек киши жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу тарабынан ооруканага түшкөн жаран 24 жаштагы Чүйдүн тургуну Ю.М. экендиги аныкталган.
Ооруканадан жабырлануучу арыз жазып, бир нече адам аны сабап, уюлдук телефонун жана 500 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алгандыгын айткан.
Сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн баарынын аты-жөнү такталып, алардын бири 42 жаштагы А.К. кармалды. Мындан сырткары, жабырлануучу менен шектүүлөрдүн баары тууган экендиги белгилүү болду.
Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.