Кыргызстанда Кунг-фу федерациясы түзүлдү. Маалым болгондой, федерация ушул жылдын 22-январында каттоодон өткөн. Жаңы түзүлгөн федерациянын жетекчиси болуп Юрий Дмитрущенко шайланды. Кунг-фу федерациясы, Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдап катыштырмакчы. Кошумчалай кетсек, эл аралык Кунг-фу федерациясы 2012-жылы түзүлгөн, башкы кеңсеси Кытайдын борбору Пекинде жайгашкан.